ОШ. Жумушчу сапарынын жүрүшүндө өлкө башчысы облустун активи менен жолугушту. Аскар Акаев парламенттик жана президенттик шайлоолордун алдында кыргыз оппозициясын Грузиянын жана Украинанын мисалындагыдай сырткы күчтөрдүн шыкагына кирип жатат, деп күнөөлөдү. Өзүнүн саясий багыттагы бул сөзүндө мамлекет башчысы филантроп Жорж Сорос сыяктуу адамдар жана эларалык абройлуу күчтөр Кыргызстанда да бийликти алмаштырууга кызыкдар болуп жатат деген пикирин билдирди. Сөзүнүн аягында Аскар Акаев жыйындын катышуучуларын мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоо үчүн саясий өнөктүктөр маалында оппозициянын иш- аракеттерин колдобоого чакырды.