Венера Сагындык кызы, Прага. Ирандын парламенти ушу тапта улуттук кийим кандай болушу керек деген маселени караштырууда. Мындай маанилүү маселени депутаттарын кароосуна Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи сунуш кылган, анткени Аятолла баштаган Тегерандык саясатчылардын пикиринде, улуттук кийим – элди Батыштын таасиринен оолак кармап, улуттук аң-сезимди күчөтүүдө чоң курал болуп бере алат.
Аятолла Хаменеи былтыркы салттуу элге кайрылуусунда улуттук кийим маселесине басым жасап, Батыштын маданий баскынчылыгына баш ийбөөгө үндөдү. "Бардык өлкөлөр өз улуттук кийими менен сыймыктанат, ирандыктар эмнеге башкача болушу керек?" – деп маселени кабыргасынан койду ал.
Иранда адатта башка улуттун өкүлдөрү элдик кийимин кийип жүрүшөт. Ирандыктар болсо аялдар чачын көргөзбөй, буту-башын, дене-боюн жаап-жашырып жүрүүгө милдеттүү болсо, эркектерге анчалык чектөө жок, бирок маселен, жайкысын кыска шым, же шорты кийүүгө жол берилбейт.
Эми Тегерандык жетекчилер минтип, элдин баарына куп жарашкан Ирандын атайын улуттук кийимин ойлоп табууга белсенип калышты, мындай демилге бирок калк арасында азырынча нааразычылык гана жаратууда. Тегерандык 35 жаштагы Шириндин айткандарын угуп көрсөк.
- Менимче, ар бир киши эмнени кийип-кийбээрин өзү чечкени оң. Бийлик тарабынан таңууланган улуттук кийимди эл жактыра койбос. Эгерде элдин эркине коюп, жалпылап чечсе, анда бир жөн, - дейт Тегерандын катардагы жашоочусу.
Ошол эле маалда Парижде жашаган Иран боюнча социолог-адис Саед Пайванди Тегерандык жетекчилер бул саам Батыштын таасиринен коркуп, элдин эркиндигин чектеп жаткандыгына көңүл бурат.
- Менин оюмча, бул эми 1979- жылкы ислам ыңкылабынан кийинки алгачкы жылдары кабыл алынган жардыктарды эске салат. Ошол жылдары өкмөт элдин жүрүш -турушуна чейин өзгөртмөкчү болуп, революциянын, жаңы идеологиянын атынан сүйлөп, бардыгын алмаштырууга ашыгышкан. Азыркы демилге да жеке адамдын жашоосуна кийлигишүү, дүйнө жүзүндө таанылган адам укуктарын, эркиндиктерин чектөө аракети деген пикирдемин.
Соңку жылдары ирандык жаш кыздар көйнөктөрүнүн этегин бир аз кыскартып, жеңилирээк кездемелерди тандап, чаканыраак жоолук салынууга өтө баштаганы байкалат. Мындай көрүнүштөр Тегерандагы консервативдүү маалымат каражаттарында катуу сындалып, маселе жөн жай калтырылбаары анык болуп калган. Андыктан Париждик илимпоз Пайванди да Ирандын руханий лидеринин соңку демилгеси биринчи кезекте аялдардын кийимин, жүрүм- турумун көзөмөлдөө жагын көздөөрүн айтат.
- Бул демилге, албетте, эң башкысы – аялдарга тийиштүү. Акыркы жылдары ирандык аялдар, кыз-келиндер университеттерде билим алып, ар түрдүү чөйрөлөрдө активдүү иштеп жатышат. Аялдардын улам барган сайын активдешип баратканы Тегерандык жетекчилерди тынчсыздандырбай койбойт, -
дейт Саед Пайванди.
Консерваторлор, исламдык көз караштагы саясатчылар үстөмдүк кылган Иран парламенти ошентип, элдин баары тегиз кабыл ала турган улуттук кийимди ойлоп табууга киришти. Парламенттин маданий комиссиясынын мүчөсү Мохаммад Рахмани, маселен, жаңы мыйзам кабыл алынып калса, кыска жеңдүү, же этеги жерге чубалбаган көйнөк кийип жүргөндөр мыйзамдуу түрдө жазага кабылаарын эскертти.