Н.Танаев «Отунбаева шайлоого катыша албасын билген» деп жарыя кылды

БИШКЕК. 11-январда өткөн маалымат жыйынында Премьер-министр Николай Танаев «парламенттик шайлоо мыйзамдуу өткөн күндө да маарага жетпей калган талапкерлер элди көчөгө алып чыгып, өлкөдө башаламандык түзүүгө аракет кылышат, бирок, өкмөт алар менен кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салат»,-деп билдирди. Андан тышкары экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаева өзүнүн парламенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин жакшы билет деп, ал талапкер болуусуна мыйзам жол бербесин шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын мүчөсү, вице-премьер Базарбай Мамбетов менен жолугушуу маалында мойнуна алган» деп жарыя кылды. Ал эми «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева өкмөт башчынын сөзү жалган деп, аны четке какты:

Танаевдин сөзү калп, накта калп. Мамбетов анын тапшырмасы боюнча чатырларды алдырып кетип, аны менен кошо калпты алып барыптыр

Экс-элчи Мамбетжунус Абылов өкмөт башчы элдин көңүлүн башка жакка буруу үчүн атайын тараткан чагымчыл маалымат деп билдирди.