Р.Отунбаева сотко кайрылды

БИШКЕК. «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева №1Университет шайлоо округунун шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу үчүн Ленин райондук сотуна жана прокуратурасына кайрылды. Бул тууралуу Отунбаева 11-январда билдирди. Анын айтымында, ал саясий күрөшүн токтотпойт. Мыйзам чегинде укугун коргоодо аягына чейин турат. Маалым болгондой Университет шайлоо комиссиясы Роза Отунбаеваны 6-январда Жогорку Кеңештин талапкерлигине каттап, бирок беш сааттан кийин өз чечимин кайрадан жокко чыгарган.