Текебаев: Элчилердин маселесин эл аралык нормалардын чегинде кароо жөндүү

БИШКЕК. «Шайлоо кодексинин» 69-беренесине ылайык жылына алты айга чейинки мөөнөттө чет өлкөдө жашаган Кыргызстандын жарандары шайлоого талапкер катары катыша алышат. Мындай жобо «Шайлоо кодексине» депутат Өмүрбек Текебаевдин демилгеси боюнча киргизилген. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Борборшайлоокомдун укуктук-уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Галия Алымбекова билдирди. Анын айтымында, Борборшайлооком тышка чыккан атуулдардын мөөнөтүн белгилөөнү жактаган эмес. Ал эми депутат Өмүрбек Текебаевдин билдиргенине караганда, бул жобону жеке элчилердин маселесине байлоого болбойт. Ал кыргызстандык жалпы атуулдардын шайлоого катышуу укуктарын кеңейтүү максатын көздөйт. Ал эми элчилердин маселесин чечүүдө БШК ириде эл аралык нормаларды эске алышы керек, дейт депутат.