Пикетчилер: «Акаев кетсин!, Иманбаев кетсин!»

БИШКЕК. Чатырларды милиция кызматкерлери алып кеткен соң, пикеттин катышуучулары митинг өткөрүшүп, «Атажурт», “Кыргызстан Элдик”, “Кыргызстан патриоттук” кыймылдарынын, «Адилет жана эркин шайлоо үчүн» тилектештигинин өкүлдөрү, «Ашар» коомдук бирикмесинин жана башка бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү сөз сүйлөштү.
Кыргызстан Элдик кыймылынын өкүлү Топчубек Тургуналиев бул күндөн тарта Кыргызстанда жер-жерлерде нааразылык акция, пикеттер өтө тургандыгы жөнүндө айтты.
Ал эми «Жаңы багыт» коомдук-саясий кыймылынын жетекчилеринин бири Муратбек Иманалиев болсо, мындай пикирин билдирди:

- Бийликтин мындай кадамы туура эмес. Буга бир гана себеп бар: бийлик элден коркуп жатат.

Митингден соң, пикетке катышкандар жөө жүрүшкө чыгып: «Акаев кетсин! Иманбаев кетсин!» деген ураан менен Ак үйдүн жанынан өтүп, «Алатоо» аянтын айланып, кайра пикет болгон жерге кайтышты. Жөө жүрүшкө Жогорку Кеңештин депутаттары Адахам Мадумаров, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Болот Шерниязов жана башкалар да катышты.