Америкада Ирактын Абу-Граиб түрмөсүндө ирактык туткундарды мазактаган америкалык солдаттардын соту башталды. Чарльз Гранер түрмө туткундарын кыйнап, мазактаган кароолчулардын башчысы болуп саналат. Америкалык солдаттардын бул жоруктарын ашкерелеген фотосүрөттөр дүйнөнүн маалымат каражаттарында жарыяланган.