Орусия учак жүктөрүн текшерүүнү күчөттү

БИШКЕК. Орусиянын аэропорттору мындан ары учаар алдында жүргүнчүлөрдүн жүгү менен колдо көтөрүп жүргөн буюмдарын катуу текшере баштайт. Мындай маалымат Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин Тышкы иштер министрлигине жөнөткөн нотасында айтылат. Ал билдирүүгө караганда, мындан ары мурда жүктөрү дыкат текшерүүдөн өткөрүлбөгөн дипломаттардын буюмдары да текшериле баштайт. Орусиянын элчилигинин билдирүүсү боюнча,мындай чара дипломатиялык мамиле жөнүндө 1961-жылы кабыл алынган эл аралык Вена конвенциясынын талаптарына карама-каршы келбейт.