ТҮРК ДИПЛОМАТИЯСЫ ПАЛЕСТИН ЧАТАГЫН ЖӨНГӨ САЛАБЫ?

Өзгөн Аким, Түркия Түркиянын Тышкы иштер министири Абдуллах Гүл шаршемби күнү Палестин парламентинде атайын баяндама жасап, көз каранды эмес Палестин мамлекетинин түзүлүшү, аймакка тынчтыкты алып келүүнүн бирден бир жолу экенин айтты.
Абдуллах Гүл, Израилдеги сүйлөшүүлөрүн аяктап, шаршемби күнү Палестиндин Рамаллах шаарына келди. “Палестиндин жерине карата Израил тарабынан колдонулуп келген кысым көрсөтүү жана курчоого алуу саясаты, бул аймакта тынчтыктын жана коопсуздуктун орнотулуусуна алып бара албайт” деген Түрк министир, “Бир гана коопсуздук чаралары менен Жакынкы Чыгышка тынчтык орнотула албай турганын; ошондой эле, күч колдонуу жана терроризм саясаттары тынчтыктын душмандарынын чырагына май тамызарын баса көрсөттү.
Гүл Палестин парламентинде айткан сөзүндө, “ токтолуп калган тынчтык жараянын кайра жандандыруунун бирден бир жолу катары, ‘жол картасынын’ чеги ичинде Израилдин, Газа тилкесинен чыгып кетүүсү керек экенин” билдирди. Ал ошондой эле, өлкөсү тынчтык келишимине жетишүү үчүн араздашкан тараптарга колдон келген бардык жардамды көрсөтүүгө даяр экенин баяндап, Израилдин чыгып кетүүсүнөн кийин Түркия, Газа аймагын кайра куруунун ишине башкылардан болуп жардамдашарын кошумчалады.


Жуманын башында, Кудус (Йерусалем) шаарында Йад Вашем (Йад Васхем) Холакоуст курмандыктарынын эстелигин зыярат кылган Гүл, Израилдин жетекчилери менен сүйлөшүүлөрүндө, “ тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жолун ачыш үчүн Түркия аймактагы бардык өлкөлөр- Сирия, Лебанон, ошондой эле Израил менен болгон тыгыз байланыштарынан пайдалануусу мүмкүн экенин” билдирип, Түркия ортомчулук кылууга даяр экенин баяндады. Премьер - министир Ариел Шарон Түрк конокту тосуп алып жаткан учурда, Сириянын атын атабай эле, Гүлдун сапары бул региондо тынчтык орнотуунун үзүрдүү үлүшүн кошоруна ишенгенин билдирсе, тышкы иштер министири Силван Шалом уюштурган маалымат жыйынында, “жакшы санаалуулуктун белгиси катары Сирия, мындан 40 жыл мурда Сирияда өлүм жазасына тартылган Израилдин атуулу Эли Кохендин сөөгүн Израилге кайтарып берүүсү талап кылынарын айтты.
1960- жылдын башында, Израилдин чалгындоо башкармасы МОССАДтын агенти катары, ‘Кемал Амин’ деген наам менен Сирияда шпиондук кылган еврей Эли Кохендин сөөгүн кайтарып берүү маселесин чечүү жаатында, Түркиянын Премьер- министири Режеп Тайып Эрдоган өткөн айда Дамаскта болгон учурунда Сириянын президенти Башир Асадтын убадасын алган.
60- жылдардын башында, Эли Кохенден алган жашыруун маалыматтарга таянуу менен Израил Сириянын Голан бийиктиктерин басып алды. Кохен Сирия тарабынан соттолуп, 1965- жылдын 18- май күнү Дамаскта дарга тартылды.

Абдуллах Гүл шаршемби күнү Рамаллахта, Палестиндин лидери Махмуд Аббас, премьер - министир Ахмет Куреи, тышкы иштер министири Наби Шаатх менен көрүштү. Ал Палестиндин жетекчилерин, болчоктогу Палестин мамлекетинин бекем пайдубалын куруу үчүн абдан зарыл болгон саясий жана экономикалык реформаларды ишке ашырууга чакырды. Абдуллах Гүл, өзүнүн Израил жана Палестинге болгон сапарын өтө жемиштүү иш сапары катары баалады.
Басма сөз менен болгон маегинде ал, бул маселелер ‘Ийне менен чуңкур казгандай’ машакаттуу иш экенин, бул сапардын жемиштери алдыдагы мезгилдин ичинде белгилүү болорун айтты. Сапар учурунда ар эки тарап бирдей Түркияга толук ишеним көрсөтүп, сүйлөшүүлөрдө бүгүнгө чейин айтылбаган сөздөр айтылып, козголбогон маселелер козголгонун белгилеп:
“Түркийа ар эки тарап менен байланышы болгон, ар эки тарап үстүндө келише алган сейрек өлкөлөрдүн бири. Мындай 3 өлкөнү санай албайсың” деп көрсөттү. Түркия алдыдагы мезгилдин ичинде бул региондо бир катар ‘көрүнүктүү’ жумуштарды аткарарын айтты Түркиянын Тышкы иштер министири Абдуллах Гүл. Ал Палестин аймагынан, Ирака кошуна өлкөлөрдүн жыйынына катышуу максатында Иорданияга өттү.