БИШКЕКТЕ НЕГЕ КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК КЫМБАТ?

Өткөн жылга салыштырмалуу Бишкекте кыймылсыз мүлктүн баасы 100 пайызга кымбаттады. Кээ бир адистердин айтымында үйлөрдүн баасы мындан ары да жогорулашы мүмкүн. Баалардын кескин өсүшү эмнеге байланыштуу?
2004 -жылдын күз айынан баштап кыймылсыз мүлктүн баасы 80 пайыздан 100 пайызга чейин жогорулады. Айрым ишкерлер жаңы жылдан тартып Бишкекте кыймылсыз мүлктүн баасы дагы өсөрүн божомолдойт. Анын себеи эмнеде? Бишкекте ипотеканын өсүшүнөнбү, же болбосо башка факторлор таасир этип жатабы? Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акылбек Жапаров шаардагы кыймылсыз мүлктүн баасынын кескин жогорулоо себептерин төмөнкүдөй айтты:
Мунун биринчи себеби сырт жакта жүргөн биздин атуулдарыбыз жакшы акчаларды таап келип, бул жерден кыймылсыз мүлктү сатып алып, ата-энелерин көчүрүп келип жаткандыгы.Экинчиси-бул Казакстан эми бизге жакын эмеспи, ошол жерде ипотеканын өнүгүшү, үй сатып алабыз дегендерге мүмкүнчүлүк түзүлгөн .Алар акчасын банкка салгандан көрө кыймылсыз мүлктү сатып алып жатышат.

Ал эми шайлоо алдында бул жагдай кандай болот деген суроого Акылбек Жапаров пикирин мындайча билдирди:
Шайлоо алдында баалар көтөрүлбөйт, анткени депутаттыка барабыз дегендер үйгө акчаларын короткондон көрө, ар кандай болот деп тирүү акчаны кармаганы оң. Айрымдар үйлөрүн, жерлерин арзан баада эле сатып жатышпайбы.
Эми март айында бул тууралуу белгилүү болот, анткени парламентке ким келет, ички саясат кандай болот, салык саясаты кандай болот, ушунун баарынан көз каранды да.


Бишкекте кыймылсыз мүлктү ипотека жолу менен сатып алууга мүмкүнчүлүктөр болууда. Бирок, Орусия жана Казакстан менен салыштырмалуу аны жогорку деңгээлде өнүктүрүү деп айтууга болбойт. Мунун биринчи себеби ипотека кредитинин пайыздык өлчөмүнүн жогору болушу.
Бул жагдайды түздөн-түз ипотека менен байланыштырып жаткандар да жок эмес. “Риелт офис” кыймылсыз мүлк агенттигинин менеджери Эмиль Ахметов бул көрүнүштү ипотека менен байланышт карайт:
Менин оюмча, бул ипотека кредиттөөсү менен байланыштуу. Бирок, айта кетчү нерсе, кыймылсыз мүлк кымбаттаса деле элдердин сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми бизге окшогон агенттиктер кыймылсыз мүлк рыногунда ортомчу катары эле болот. Бул эми менин жеке оюм, үйлөрдүн баасы мындан да өсүшү мүмкүн.

Ал эми үйлөрдүн наркынын кымбатташына ипотека таасир тийгизбегендигин “Промстрой “ банкынын президенти Муратбек Мукашев :
Ипотека бул жерде көп ролду ойногон жок, анткени Орусияда иштегендердин акчалары пайда болуп жатат. Ал эми шайлоо алдында депутаттыка барабыз дегендер жерлерин арзан сатып жатат. Бирок үй арзандайт деп айта албайм, өсүшү мүмкүн.