Жыйында табыгый апааттан азар тарткан түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрүнө жардам көрсөтүү маселеси каралат. ООНдун гуманитардык программаларынын жетекчиси Ян Эгеланддын маалыматтарына ылайык, эл аралык коомчулуктун адие каражаты үч-төрт миллиард долларга жетип калды. Дүйнөлүк жамааттын болуп көрбөгөндөй кайрымдуулугун жана тилектештигин белгилеп, Эгеланд бөлүнгөн жардамдын баары региондогу калктын жеңилин жерден, оорун колдон алганга сарптала тургандыгына ишенич билдирди. Дүйнөлүк банк да бир миллиард доллар акча бөлгөнгө макул болду.