Бирок бул көрсөткүч дагы көбөйүшү мүмкүн,айрым болжомолдордо 300 миңге жетиши ыктымал деп айтылууда. Апааттан улам жетим калган балдардын тагдырына ООН өзгөчө камсыга баштады. Киши сатып туйтунган кылмыштуу топтор ата-энесинен ажырап, томолой калган балдарды арам соодага пайдаланышы ыктымал. Кокус багар-карары жок балдар алардын жемине айланса, абдан кечиримсиз иш болот, деп эскертти ООНдун өкүлү Браун.