5-январда Белорус оппозициясынын белгилүү өкүлү Михаил Мариничтин адвокаттары апелляциялык арыз менен сотко кайрылышты. Мариничтин өзүн болсо 30-декабрда Мински соту беш жылга эркинен ажыраткан болчу. Ага Кошмо Штаттарынын элчилигине тиешелүү компьютерди уурдап алган деген айып коюлган. Михаил Мариничтин өзүнүн айтымында компьютерлерди ага Американын элчилиги өз ыктыяры менен берген. Муну босло сотко катышкан элчиликтин өкүлү да бышыктады.
Михаил Маринич мурда өлкөнүн тышкы экономикалык байланыш министри болуп иштеген. Ал оппозициянын катарына 2001-жылы өткөн жана алдыдагы шайлоодо президент Александр Лукашенконун негизги атаандашы деп эсептелип жаткан. Сот залында ал ага тагылып жаткан айыптар саясий гана мүнөздө экендигин билдирген.
Кошмо Штаттары баштаган Батыштын бир катар мамлекеттери Белорус бийликтеринен Мариничти токтоосуз бошотууну талап кылышууда.