ММК БИЙЛИККЕ ТАБЫНДЫБЫ?

Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда сөз эркиндигине тымызын кысым күч алды деп эсептейт айрым талдоочулар. Шайлоо алдында турган кыргыз журтчулугунда эл ишеним арткыдай көз карандысыз басылмалар жана телеканал калбай барат деген тынчсыздануу да негиздүү жана андай пикирдин жаралышы да бекеринен эмес дейт байкоочулар. «Маалымат мейкиндиги» коркунуч алдында турабы?..
Кыргызстанда ушул күндөрү маалымат мейкиндигинде азыркы бийликтин камчысын чапкан басылмалар жана телеканалдар басымдуулук кылат дешет байкоочулар. Ал эми мамлекеттик жетекчиликке тайманбай акаарат айтып, анын ишмердигинин күңгөй- тескейин чагылдырган басылмалардын саны кыскарып, бир да эркин телеканал калган жок деген тынчсыздануулар ачык айтыла баштады. «Би Би Си» дүйнөлүк радиосунун Бишкек кеңсесининин кызматкери Кубатбек Чекиров Кыргызстанда бир дагы эркин телеканал калбаганына тычсызданат. Ал эми өз саясий турумун жогото элек бирин- экин гана гезит калды. Кубатбек Чекировдун пикиринде, «Агым» өңдүү гезиттер өз кожоюну койгон эрежелерге ылайык иш алып барып, элге бир жактуу маалымат берүү менен оппозициялык күчтөрдү далилсиз көөлөгөнгө өттү.
Эң таасирдүү маалымат булагы болгон телеканалдар боюнча кырдаалга бушайман болгондор арбын. Мындай пикирдеги байкоочулар мамлекеттик эмес деп саналган «Пирамида», КООРТ телеканалдарына сын көз менен карашууда. Кинорежиссер Замир Эралиевдин пикиринде, саясий көз карашы туура келбеген адамдарга теле аркылуу элге оюн жеткирүүгө жол жабык:
-Орустардын «прихватизация» деген сөзү бар го. Маалымат булактары дал ушул «прихватизацияга» кабылып аткан кез. Телеканалдарды да, гезиттерди да бир колго алып атышат. Мен мунун таптакыр кабыл ала албайм. Башмыйзамда бийлик элдики деп жазылган. Анан алардын баары тең элди бир жактуу гана кабарлар менен сугарып, «Аскар Акаевич» деп эле бийликти мактап калышт. Мурункудай теле аркылуу бирдеме деш мүмкүн болбой калды, десең да муну айтсамбы же жокпу деп ойлоносуң, - дейт Замир Эралиев.
Кыргызстан Казакстандан «маалымат мейкиндигин» тумчуктуруу сабагын алып атат дешет байкоочулар. Массалык маалымат каражаттарын акырындык менен бир колго өткөрүү жараяны тымызын ишке ашып атат деп бушайман болгондор да бар. «Республика» гезитинин баш редактору Замира Сыдыкова кыргыз бийлиги сөз эркиндигин эчак эле мурунтуктап алган деп санайт. Анын айтымында, кыргыз бийлиги соңку убакта массалык маалымат каражаттарды бир колго топтоо жараянын ийгиликтүү турмушка ашырууда деп санайт:
- Буга чейинки 1-2 жыл ичинде бийлик колден келген аракетин жасап, бизди болушунча алсыратты. Эми болсо четинен бир колго алуу башталды. Мына, «Вечерний Бишкек», андан кийин «Пирамида», «Комсомольская правда» менчиктештирилди. «Агым» гезити болсо кожоюнунун эркине жараша «Акүйдүн» көзүн карап калды. Булар маалымат деген чоң күч экенин түшүнүштү да дароо телеканал түзө башташты. «Пирамида» жалгыз эркин телеканал болуп, элдин ишенимине ээ болуп келген. Мына, ал дага бир «үй- бүлөөнүн» колуна кетти, -дейт Замира Сыдыкова.
Бирок, мындай ойлорду таптакыр четке каккандар да бар. Мамлекет башчысынын маалымат кызматын жетектеген Досалы Эсеналиев жогорудагыдай пикирлерге кошулбайт. Анын айтымында, Кыргызстанда бийлик тарабынан сөз эркиндигине тоскоолдук жок.
-Мындай пикирге кошула албайм. Кыргызстанда сөз эркиндиги жогорку деңгээлде экенине эл тараза. Себеби, эл күнүгө гезит окуп, телеканалдарды көрүп, угуп жатат. Бул укугуна эч ким бөгөт койгон жок, ар тараптуу маалымат алып жатат. Биздин өлкөдө сөз эркиндиги үчүн мыйзамдык да база жетиштүү,- дейт Досаалы Эсеналиев.
Ал эми «Жетимен» коомдук корунун жетекчиси Аскер Сакыбаева мурда эл ишеним артып келген маалымат каражаттары өкмөтчүл гезиттер менен телеканалдар «ырдаган хорго» кошулуп кетишти деген ойдо:
- Жада калса «Пирамида» дагы КТР менен КООРТ телеканалдарына кошулуп, бийликтин сөзүн сүйлөп калды. Ушул эле фактыдан Кыргызстандагы сөз эркиндигинин акыбалын билсек болот да. Ушул күндөрү Кыргызстанда бир да таза жана эркин маалымат каражаты жокко эсе. Анын үстүнө шайлоолор жакындап келатканда алар «акүйчүл» саясий күчтөрдүн камчысын чабат же кожоюунунун чечимине жараша акчанын айынан кайсы бир саясий күчтөрдүн сөзүн сүйлөп туруп алат,- дейт Аскер Сакыбаева.
Мамлекет башчы Аскар Акаев болсо өлкөдө эркин басылмалар каалашынча иштеп атканын айтып, ошол себептен өлкөдөгү демократиялык жараянга сөз тийгизүү адилетсиздикке жатат деген пикирин бир нече ирет билдирди.