БИШКЕК. Бүгүн Кыргыз Републикасынын эл артисти Орозбек Кутманалиевдин сөөгү Сокулук районундагы Шалта айылына коюлду. Маркум Орозбек Кутманалиев 1932-жылы Шалта айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. Табийгат берген өнөрдү аркалап Республикалык куурчак театрында артист болуп иштеп, кийин Кыргыз мамлекеттик филормонияга которулат. Ал жерден кыргыздын залкар акындары Осмонкул, Ысмайыл, Токтосун жана башкалардан таалим алып төкмө акындык өнөрдү аркалайт. Орозбек Кутманалиевдин актердук чеберчилигин байкаган кыргыз киночулары аны “Акмөөр”, “Сүйүү жаңырыгы”, “Ак кеме”,”Бөөрү зындан”, “Эрте жаздагы турналар” жана башка ондогон көркөм тасмага тартышкан. Көп кырдуу талант Кутаманалиевдин аткаруусунда “13 жашар баланын арманы”,”Карагул ботом,” “Акмөөр”,”Курманбек” жана башка ондогон дастандар кыргыз радиосунда алтын фондуга жазылып калган.