БИШКЕК. Мурдагы өкмөт башчы Курманбек Бакиев жетектеген Кыргызстан элдик кыймылы Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи туру боюнча кайталап добуш берүүдө шайлоочулардын көп добушуна ээ болгон оппозиция өкүлү Виктор Ющенкону жеңиши менен куттуктап, 4-январда Украина бийлигине телеграмма жөнөттү. «Украинадагы соңку мезгилдери болгон саясий окуя-бул адилеттиктин, жалпы эле украин элинин жеңиши» деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи туру боюнча кайталап добуш берүү 2004-жылдын 26-декабрында өткөрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюча добуш берүүнүн жыйынтыгында Украина оппозициясынын өкүлү Виктор Ющенко жеңишке жетишкен. Азырынча Украинанын БШК шайлоонун жыйынтыгы боюнча расмий маалымат тарата элек.