Пенсия өлчөмү 9,5 пайызга жогорулатылат

БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны 4-январдагы отурумунда Социалдык фонддун 2005-жылдагы бюджет долбоорун талкуулап бекитти. Бюджет долбоор боюнча депутаттарга Соцфонддун башчысы Акматбек Келдибеков маалымат берди. Социалдык фонддун 2005-жылдагы бюджети 4 миллиард 542 миллион сом болоору белгиленди. Ага ылайык үстүбүздөгү жылы пенсионерлердин пенсиясынын өлчөмү 9,5 пайызга көбөйтүлөт.