БИШКЕК. Президент Аскар Акаев январь айынын экинчи жарымында Пакистанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан 3-январда билдиришти. Маалыматка караганда, кыргыз президенти Исламабадда Пакистан президенти Первез Мушарафф баш болгон расмий жетекчилер менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү маселелерин талкуулайт. Сапар эки күнгө созулмакчы.