1-январда Пакистан менен Индия дагы бир ирет өздөрүнүн ядролук куралдарынын кайда жайгашканы тууралуу маалыматтарды алмашышты. Пакистандын тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда бул маалымат алмашуу эки мамлекет бири-бирине кол салбоо максатында жасалып келаткан иштин бир бөлүгү. Эки мамлекет өзөктүк куралдар боюнча маалымат алмашууну 1992-жылы баштаган жана ар бир жылдын биринчи күнү бул процесс ишке ашат. Индия ядролук куралга 1974-жылы, ал эми Пакистан 1998-жылы ээ болгон. 1947-жылдан бери эки мамлекет үч ирет согушту баштан кечирген. Ал арада Кашмирде акыркы 25 жылда биринчи ирет жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөнү жатат. Ал эки бөлүнүп, биринчи жана он жетинчи феевралда болот.