Парламент иштеп калайын деп турабы?

БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 4-январдан баштап пленардык отурумга чогулат.17-январда сессияны улантуу тууралуу мурдагы токтомдун күчүн жоготкон жаңы токтомду депутаттар 31-декабрда кабыл алды. Жаңы жылдагы алгачкы отурумунда парламентарийлер Социалдык фонддун 2004-жылкы бюджетине өзгөртүү жана кошумча киргизүү, 2005-жылга бюджетин кабыл алуу өңдүү маселелерди карайт. Депутаттар Социалдык фонддун бюджеттерин талкуусуз кабыл алуу тууралуу 31-декабрдагы сунушту кабыл албай, маселе кеңири талкууга муктаж экенин белгилешти.