Украин оппозициясынын башчысы В.Юшенко соттон корпойт

Украин оппозициясынын башчысы, жекшемби күнкү президенттик шайлоонун жеңүүчүсү Виктор Ющенко премьер-министр Виктор Януковичтин сотко даттануусунан коркпосун билдирди.
Ющенконун шайлоо штабынын башчысы, парламенттин төрага орун басары Оленсандр Зинченко сот добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгараарына ишенбейт:


- Сотко доо арыз менен кайрылуулар, аларды сотто кароо Ющенконун чоң айрыма менен уттуп чыккан жеңишин жокко чыгараары күмөндүү. Жеңиш ишенимдүү жана далилдүү болду, - деп билдирди Зинченко.

Бүгүн эле Жогорку Сотко Януковичтин шайлоонун жыйынтыгын кайра кароону талап кылган эки арызын кароодон баш тартты.

Виктор Ющенко премьер-министрликке сунуш эткени жаткан Юлия Тимошенко шаршемби күнү саясый билдирүү жасап:


– Биз бийликке келгенде, оппозиция мүчөлөрүн Кучма заманындагыдай абакка салып, сүргүнгө айдабайбыз. Журналист Гонгадзе сыяктуу эч ким башы алынып өлтүрүлбөйт. Журналисттер өз журтунда сабалбайт. Себеби, биз бийликке башка максат жана мүдөө менен келүүдөбүз. Аныбызды сиздер көрүп түшүнөсүздөр деп ойлойм, - деди мурдакы вице-премьер Тимошенко.