БИШКЕК. 2005-жылдын февраль айында өтө турган парламенттик шайлоого өлкөдөгү бейөкмөт уюмдар көз карандысыз байкоочуларды даярдай баштады. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар Коалициясы тарабынан парламенттик шайлоого 2000 көз карандысыз байкоочу даярдалат. Ал эми бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын Ассоциациясынан маалымдагандай, уюмдун атынан 4 миң адам шайлоого байкоо жүргүзөт. Парламенттик шайлоого байкоочулар «Атуулдук коом коррупцияга каршы» жана башка ондогон бейөкмөт уюмдар,ошондой эле Эл аралык укук коргоо уюмдар тарабынан да катышат.