Муса Мураталиев, Москва Орусияда бул күндөрү башкы темага айланган маселе – Ходорковскийдин түрмөдөн жазган ачык каты болууда. Аны 28-декабрде «Ведомости» гезити жарыялаган. Ал катта ЮКОС компаниясынын экс-жетекчиси орусиядагы менчик ээси тууралуу, эркиндик тууралуу, түрмө жана качандыр ири концерн башында турган адам тагдыры тууралуу жазат. Анализчилер Ходорковский күнөөсүн моюнуна алып бийликтен кечирим сурап атат дешсе, экинчилери – ишканасын «эл алдында көз көрүнөө» кыйраткандыгы үчүн бийликти сынга алып атат дешүүдө.
ЮКОС компаниясын жетектеп туруп кармалган, эмдигиче сот өкүмүн күтүп абакта жаткан Ходорковский дагы бир жолу коомчулукка кайрылуу жазап, ачык кат жарыялады. Аны кечөө б.а. 27-декабрде “Ведомости” гезити басты. Катынын бир жеринде ал бай:
Мага менин жеке менчигимден айрылуу киши чыдагыс ич оору жаратат экен деш натура, - деп жазыптыр.
Каттын шааниси бир караганга бийлик менен тил табышууну издеген сыяктанат. Ошондон улам, аны окугандар, бул анын бийликтен кечирим суроо каты экен деп баалашууда. Экинчи бирөөлөр андай пикирди четке кагышууда. Маселен, айтылуу адвокат Борис Золотухин мындай дейт:
Менимче, Ходорковскийдин колу коюлган катта, анын күнөөсүн моюнуна алып бийлик мажбурлап аткандай, анын ошол бийликтен кечирим суроо болуп аткан шек жок. Бул жерде, менимче, Ходорковскийдин руханий дүйнөсү өсүп, ой чабытына берилгендей маанай бар. Түрмө албетте, кишини көп нерселерге үйрөтөт, - дейт Золотухин мырза.
Бийлик айтканга караганда Ходорковский үстүнөн козголуп аткан сот ишинде саясий түс жок. Бийлик ЮКОС компаниядан төгүлбөй калган салыгын мыйзамдуу түрдө кайтарып алып атат. Ошол эле учурда, анализчилер айтып жүргөн пикир боюнча орусиялык бийлик Ходорковскийдин саясий багытта кадам жасап ийгендиги үчүн андан өч алуу болуп атат.
Президент Путиндин улам кайталаган эскертмеси мыйзам арибинен алыс кетпөө болууда. Акыркы жолу мындай пикирди ал журналисттер менен жолугушуу маалында айтты эле:
Бир гана нерсе маанилүү. (ЮКОСко карата – ММ) жасалуучу ар бир аракет, мен мурда айткандай, Орусияда колдонулуп келе жаткан мыйзам арибине ылайык так ага дал келгидей жасалышы зарыл, - деген эле.
Бул жерде Ходорковскийдин түрмөдөн жазган катынын этегин келтире кетели. Мени алар узагыраак, беш же андан көп жыл мөөнөткө олтургузсак дешет. Эмне дегенде алар мен эрте чыксам анда алардан өч алат деп коркушат, - деп жазат.
Ушул арада президент админстрациясында иштеген экономист Андрей Илларионов күтүлбөгөндөй билдирүү жазады. Ал кетип бараткан жылдын жыйынтыгын чыгара маалымат таркатып, ал жерде, бийликтин ЮКОС компаниясын уратуусу быйылкы жылдагы эң ири окуя болду деп айтты. Андан аркы кебинде Орусия эми бул жаманаттыдан жакында кутулбайт деди:
ЮКОС ишинин залакасы орусиялык экономикага, орусиялык саясатка, орусиялык зоболого, орусиялык сот системасына кыйла кыйла жылдар тийип олтурат, - деди ал.
Кызык жери, сырттан көз салуучулар, Кремлдик кеңешчинин бийликке каршы каардуу сын айтышы мурдатан сүйлөшүп алып жасалып аткан аракет дешүүдө. Дагы бирөөлөр «жоо кеткен соң кылычыңды бокко чап» деп болору болгондон кийин Кремль эми эч кимдин кебин укпайт дешүүдө.