Бүгүн Бээжин шаарында Кытайдын коргоо министри Сяо Ганчуан менен Индия аскерлеринин башчысы Виж жолугушуп, аскерий кызматташуу маселелерин талкуулады. Эки өлкө ортосунда аскерий байланыштарды эң жогорку деңгээлге чыгаруу тууралуу макулдашылды. 1962-жылы Кытай менен Индия чек ара маселелеринен улам согушкан, 1998-жылы Индия өзөктүк бомба сынагандан кийин болсо, Дели менен Бээжин ортосундагы мамиле сууй түшкөн.