Дүйнөлүк банк чакан гранттар программасына акча бөлдү

БИШКЕК. Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсеси чакан гранттар программасына 34 миң доллар бөлдү. Аны алууга өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдар катыша алат. Программанын максаты жакырчылыкты кыскартуу үчүн өкмөт, парламент, атуулдук коом, ишкер чөйрө, маалымат каражаттары жана донор уюмдарынын ортосунда диалогго салым кошуу. Буга өкмөттүк эмес уюмдар конференцияларды, семинарларды уюштуруу, атайын макалаларды, үгүт маалыматтарын жарыялоо менен жетише алат.