Талаштуу Кашмир чөлкөмүнүн тегерегиндеги сүйлөшүүгө Индиянын тышкы иштер катчысы Шиям Саран жана Пакистандын ырасми өкүлү Рияз Хохар катышышты. Исламабадда өткөн жолугушуудан кийин таратылган маалыматка караганда, эки тарап чыр-чатактуу Кашмир маселеси боюнча кеңейтилген курамда келерки жылдын апрель жана июнь айларында тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү макулдашышты.