Ооганстандан баш алган баңгизаттын көлөмү көбөйүүдө.

Тажикстандын баңгизаттарга каршы агенттиги быйыл мурда болуп көрбөгөндөй көлөмдөгү героин кармалганын жар салды. Агенттиктин башчысы Аваз Юлдашев быйыл Тажикстандын аймагында бардыгы 6 жарым тонна ооган героини колго түшүрүлгөнүн, бул былтыркыга караганда дээрлик 1 тоннага ашык көрсөткүч экенин билдирди.

Жаңылыктарды даярдаган Венера Сагындык кызы, Прага.
Редактору Султан РАЕВ