Кыргызстан Элдик кыймылы «Дело №» гезитине кайрылды

БИШКЕК. Кыргызстан Элдик кыймылы «Дело №» гезитине кайрылып, гезиттин өткөн аптада жарыяланган санындагы кыймылды каралаган маалыматты жокко чыгарууну талап кылды. Гезитте жарыяланган КМШ Департаментинин саясий технологиялар борборунун жетекчиси Сергей Михеевдин авторлугундагы макалада Кыргызстан Элдик кыймылы айрым пикирлерге караганда АКШнын Кыргызстандагы элчисинин түздөн-түз жетекчилиги алдында түзүлгөн, Кыргызстандагы оппозицияны каржылоо ачык эле мүнөздө жүргүзүлүүдө деп жазылган. Элдик кыймылдын «Дело №» гезитине жолдогон катында Кыймыл АКШнын элчисинин жардамы менен эмес, алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоо алдында биригүү максатында бир катар оппозициялык партиялар тарабынан түзүлгөндүгү, кыймыл эч ким тарабынан каржыланбай тургандыгы жөнүндө айтылып, Сергей Михеевдин макаласында айтылган жалган-жалааны жокко чыгаруу талабы коюлган. Эгерде басылма андан баш тартса, Кыймыл сотко кайрылат.