Республикалык бюджет долбоору каралат

БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын 28-декабрдагы отурумунда 2005-жылдагы республикалык бюджеттин долбоору экинчи окууда каралат. Бул тууралуу аталган палатанын 27-декабрдагы отурумунда макулдашылды. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 2005-жылдагы республикалык бюджеттин долбоорун экинчи окууда өткөн аптада кабыл алган. Бюджеттин киреше бөлүгү 16 миллиард 87 миллион сом, ал эми чыгаша бөлүгү 16 миллиард 813 миллион сом болоору белгиленген.