Ооганстандагы Будда эстеликтери боюнча ЮНЕСКО жаңы долбоор даярдады

ЮНЕСКО уюму Париж шаарынан жума күнү тараткан маалыматка караганда, Ооганстандын Бамиан провинциясындагы тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча атайын долбоор даярдалды жана аны аткарууга Жапания өкмөтү каражат бөлөт. Бамианда мурда Будданын дүйнөдөгү эң чоң айкелдери болгон, бирок талибдер аларды 2001-жылы замбирек менен атып, бузуп салган. Долбоор боюнча, ал айкелдердин калдыктары корголууга тийиш жана кээ бир сынган эстеликтер калыбына келтирилет.