Сатурн планетасынын айына изилдөө аппараты түшүрүлүүдө

Америка Кошмо Штаттарынан 1997-жылы Сатурн планетасын көздөй учурулган "Кассини" аттуу космос кемесинен Сатурнду айланган Титан аттуу айды көздөй аппарат учурулду. Титандын атмосферасына ал 14-январда кирип, аны изилдөөгө киришет. Кемеден ал тууралуу жиберилген маалымат Калифорниядагы илимий борборго бүгүн эртең менен жетти. "Кассини" өзү Сатурнга быйыл июлда жетип, планетаны айлана баштаган.