ПАСПОРТ БИЗДИКИ… А, ПАСПОРТ БЕРГЕН КИМДИКИ?

Бакыт Аманбаев, Бишкек 24-декабрда Мыйзам чыгаруу жыйыны кыргызстандыктарды жаңы паспорт менен камсыз кылуу боюнча өкмөт өкүлүнүн маалыматын укту. Талкуу учурунда жарандарды паспорт менен камсыз кылууда жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан бир катар олуттуу мыйзам бузууларга жол берилгендиги айтылды. Отурум соңунда аталган маселени өкмөт башчы Николай Танаев, президенттик админстрация өкүлү, Башкы прокурор, Улуттук коопсуздук кызмат башчысы жана башка тиешелүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда келээрки дүйшөмбү күнү талкуулоо тууралуу токтом кабыл алынды
Жарандарды паспорт менен камсыз кылуу тууралуу депутаттарга өкмөттүн алдындагы информациялык технология жана кызмат көрсөтүү Мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Юрий Лысагоров маалымат берди. Анын айтымында 2005-жылдан тарта кыргызстандыктарга төрт түрдүү паспорт тагыраак айтканда, өзгөчө белгилери бар карточка, жалпы атуулдук, дипломатиялык жана кызмат паспорту бериле баштайт. Өкмөт өкүлүнүн маалыматына караганда, атуулдар Кыргызстандын ичинде атайын карточка менен эле жүрүүгө укуктуу. Ал эми чет өлкөлөргө чыгууну каалаган жарандар болсо жалпы атуулдук паспорт алууга милдетүү.
Ошондой эле талкуу учурунда атуулдарга Кыргызстандын ичинде жүрүүгө укук берген карточканын баасы төрт евро же эки жүз жыйырма сом, ал эми жалпы атуулдук паспорт жыйырма беш евро же бир миң төрт жүз сом турары айтылды. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы информациялык технология жана кызмат көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Юрий Льсагоровдун мындай маалыматы депутаттарды канааттандырган жок. Адегенде, депутат Адахан Мадумаров Юрий Лысагоров бир эле мезгилде Орусиянын жана Кыргызстандын атуулу экендигин маалымдады:

-Сиз Орусиянын Климаз шаарынын Биринчи май көчөсүндөгү үчүнчү үйдүн жүз алтчынчы квартирасында туруктуу жашайт экенсиз.-деген Мадумаров Баш мыйзамга ылайык атуулдарга кош жарандуулук укугу берилбегендиги айтып, Лысагоровду ушундай кызматка дайындагандарды жоопко тартууну сунуштады. Мадумаровдон кийин сөз сүйлөгөн депутаттар атуулдарды паспорт менен камсыз кылуунү эң чоң бизнеске айландырышууда дешип, Кыргызстандын жогорку бийлик өкүлдөрүн күнөөлөштү. Ага далил катары депутаттар жогорку бийлик өкүлдөрүнүн түздөн түз кийлигишүүсү менен кыска мөөнөттүн ичинде өкмөттүн алдында информациялык технология жана кызмат көрсөтүү боюнча агент түзүлгөндүгүн, жаңы түзүлгөн агенттикке Ички иштер министрлигинен жарандарды паспорт менен камсыздоо функциясы берилип, анын жетекчилигине башка өлкөнүн атуулу башчы болуп дайындалгандыгын келтиришти. Ошондой эле алар бийликтин мындай аракетин депуттатык комиссия түзүп териштирип, Лысагоровду жумуштан кетирүүнү сунушташты:

-Урматтуу депутаттар мен сиздерди азыртадан чара көрүүнү өтүнөм. Анан кеч болуп калат. Анда биз экинчи, үчүнчү, төртүчү Жайсанбаевди издеп калышыбыз мүмкүн. Биздин бүгүнкү башкаруучуларга, президенттик админстрацияга эч нерсенин кереги жок. Дагы эле кыргыз эли ыйлаган бойдон калат. -деди депутат Алымбай Султанов.
Ошондой эле талкуу учурунда жарандарды паспорт менен камсыз кылууга улуттук бюджеттен 51 миллион евро талап кылынаарын, ал эми кыргыз өкмөтү жаңы паспортту жарандарга акчага сатып, карапайым элди эки жолу тоноп жаткандыгын айтылып, өкмөттүн мындай аракетине чек кою сунушталды. Бул күнү негедир буга чейин аткаруу бийлигине каршы сүйлөбөгөн депутаттар да бийликти сындап сүйлөштү.
Белгилей кетүүчү нерсе, депутаттардын аткаруу бийлигине карата айтышкан жогорудагыдай айыптоолорун өкмөттүн алдындагы информациялык технология жана кызмат көрсөтүү Мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Юрий Льсагоров четке кагууга аракет кылды. Льсагоровдун «мен Орусиянын эмес, Кыргызстандын атуулумун, атуулдарга паспорт берүүдө эч кандай мыйзам бузуулар орун алган жок» деген жүйөлөрү депутаттарды ынандырган жок. Ал эми президенттин, өкмөт башчынын дарегине айтылган мындай сын-пикирлерге президенттин жана өкмөттүн аталган палатадагы өкүлдөрү эч кандай жооп беришкен жок. Бул маселе боюнча биздин берген сурообузга да президенттин Мыйзам чыгаруу жыйындагы өкүлү Мурат Укушов жооп берген жок.
Талкуу соңунда аталган маселени өкмөт башчы Николай Танаев, админстрация президенти, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук министрлиги жана башка тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маселени келээрки дүйшөмбү күнү талкуулоо тууралуу токтом кабыл алды.