Орусиянын Ненец дубанынын губернаторун камакка алуу буйругу чыгарылды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын соту кечээ күнү Ненец автономиялык дубанынын губернатору Владимир Бутовду камакка алуу тууралуу өкүм чыгарды. 2003-жылдын апрелинде ал Санкт-Петербург шаарында бир милиция кызматкерин сабаган деп күнөөлөнгөн жана кечээ күнү ал тууралуу башталган сотко келген жок.