“Замандаш“ коомдук кору “Атажурттун эң мыкты атуулдары-2004” деген аталыштагы жыл жыйынтыгынын сыйлыгын ар түрдүү тармакта эмгектенген Кыргызстандын атуулдарына 16 номинация боюнча ыйгарды.
Жылдын мыкты мамлекеттик ишмери номинациясындагы сыйлыкты Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкулов алды. Жылдын мыкты депутаты номинациясына Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын вице-спикери Кубатбек Байболов татыды. Жылдын мыкты коомдук ишмери - Мирсаид Миррахимов, жылдын мыкты редактору - Абдиламит Матисаков, жылдын мыкты обончу аткаруучусу делип Сыймык Бейшекеев табылды жана башка көрүнүктүү инсандарга да сыйлыктар тапшырылды.
Бул сыйлыктар Россия,Казакстандагы кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясынын президиумунун төрагасы, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Муктарбек Өмүракунов тарабынан уюштурулган.