Тайып Эрдоган Сирияга барды

Түркиянын премьер-министри Тайып Эрдоган 22-декабрда Сирияга иш сапары менен барды. Ал эки күндүк визитинин алкагында эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо максатында сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Эрдоган Сириянын президенти Башар aль-Aссад менен жолугат жана анын учурунда экономикалык багыттагы документтерге кол коюлмакчы. Буга чейин Түркия менен Сирия саясий жактан тил табыша албай келишкен болчу. Коңшу мамлекеттердин мамилеси 1998-жылдан тартып оорлогон. Ал учурда Түркия күрт сепаратисттерин колдоп жатат деп ырасмий Дамаскиге таарынычын билдирген. Эки мамлекеттин мамилеси Сирия күрт лидери Абдулла Ожаланды Түркияга өткөрүп бергенден кийин жакшырган.