ООНдун башкы ассамблеясы Түркмөнстанды айыптады

Кабыл алынган резолюцияда өлкөдө адам укуктарынын абалы кескин сынга алынды. Документ президент Сапармурат Ниязовдун режими саясий оппозицияга таптакыр тыюу салганын, адамдардын укуктары такай кысмакталып жатканын белгилеп, Түркмөнстанды ОБСЕ, эл аралык гуманитардык уюмдар менен кызматташууга чакырат. Экинчи бир резолюцияда Ирандагы адам укуктарынын абалына да олуттуу тынчсыздануу айтылат.