Ирактык аскерлер өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого даяр эмес

Америкалыктарды машыктырган Ирак аскерлери журт коопсуздугун камсыздоого даяр эмес экенин Кошмо Штаттардын президенти ырастады.
Президент Жорж Буш дүйшөмбү күнү Ак Үйдө өткөн маалымат жыйынында айрым ирак аскерлеринин козголоңчулардан коркуп, уруштан качканы тууралуу суроого, мындай деп жооп кайрыды:

- Ирактык бөлүктөрдүн согушка даярдыгы ар түрдүүчө деп айтаар элем. Алардын курч жагдайда согуш майданын калтырып кеткен учурлары бар. Бул жарабайт. Абал курчуп турганда аскерлер уруш талаасын таштап качуучу болсо, Ирак эч качан өз коопсуздугун камсыздай албайт.

Буш кагылышуулар токтобой жатканына карабастан, Иракта 30-январга белгиленген шайлоо өткөрүлөт деген ишеничин билдирди.