Фаллужалыктар жакын арада үйлөрүнө кайтып келе алышат

АКШнын аскерий жетекчилиги Ирактын Фаллужа шаарынын калкы алдыдагы 7-10 күндүн аралыгында үй-жайына кайтып келе алаарын маалымдады. Коопсуздук чараларына байланыштуу фаллужалыктарды үйлөрүнө кайтаруу буга дейре да бир канча жолу кийинкиге калтырылган эле. Өткөн айдагы катуу кагылышуулардын натыйжасында Фаллужа шаары козголоңчулардан бошотулган.