Уйгурлардын «Иттипак» коому жыйын өткөрө албай калды

БИШКЕК. Кыргызстандагы уйгурлардын «Иттипак» коому 17-декабрда коомдун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган жыйынды кыргыз драма театрында өткөрө албай калды. Мындай маалыматты 20-декабрда Орусиядагы «Мемориал» аттуу укук коргоо уюмунун төрагасы Виталий Пономарев таратты. «Иттипак» коомунун текшерүү комиссиясынын төрагасы Турсун Исламдын «Азаттык» радиосуна берген маалыматына караганда, театрдын жетекчилиги күн мурунтан түзүлгөн макулдашуудан баш тартып, жыйынды өткөрүүгө мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов тыюу салгандыгын билдирген. Коомдун төрагасы Розмухамбет Абдулбакиевдин айтымында, телефон менен сүйлөшүү маалында мамлекеттик катчы коом төрагасынын «Агым» гезитине берген интервьюсунда «ар бир уйгур келечекте көз карандысыз Уйгурстан мамлекетинин түзүлүшүн самайт» деген пикири Кыргызстан менен Кытайдын мамилесин солгундатты деп билдирген жана гезиттеги оюн жокко чыгарган маалымат таратылмайын мамлекетке тиешелүү имарат берилбесин кабарлаган. Мамлекеттик катчынын сунушу «Иттипак» коомунун борбордук кеңешинде талкууланып, жокко чыгарган маалымат таратылбасын деген чечим кабыл алынгандыгын билдирген. Розмухамбет Абдулбакиев жыйын жаңы жылдан кийин өткөрүлөрүн кабарлады. Ал эми президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси бул окуя тууралуу эч кандай маалымат бере албасын билдирди.