ИИМ коррупцияга каршы күрөшүүгө багыт алды

БИШКЕК. Ички иштер министрлигинин жетекчилери 18-декабрдан бери жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүп, ички иштер тармагындагы коррупциянын деңгээлин аныктоо аракетин көрө баштады. Мындай маалымат 20-декабрда министрликтин басма сөз кызматынан алынды. Министрликтин жетекчилери жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүп, алардын билдирүүлөрүнүн негизинде тармактагы коррупцияга каршы күрөшүү жолун аныктайт.