Палестинадагы шайлоонун коопсуздугу талкууланат

Израиль менен палестиндердин жогорку кызматтагы чиновниктери кийинки аптада жолугуп, январдагы шайлоону тынч өткөрүүнүн жолдорун талкуулашат. Мындан мурда палестин тарап Иерусалимдеги тургундарды 9-январда өтө турган шайлоого катыштырууга мүмкүнчүлүк түзүүнү сурап, Израиль өкмөтүнө кайрылган болчу жана ага жөөттөр макул болушкан. Палестиндер бул шайлоодо ноябрда каза болгон Ясир Арафаттын ордуна өзүнүн лидерин тандашат. Ал арада кечээ Газа тилкесинде Израилдин куралдуу күчтөрүнүн чабуулунан кеминде он бир палестин каза таап, дагы бир канчасы жаракат алды.