Президент жаңы мыйзамга кол койду

БИШКЕК. Парламенттик шайлоо маалында шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет кылгандыгы үчүн талапкердин туугандары, ишенимдүү адамы жана өкүлдөрү сот жообуна тартылат. Ага негиз берген «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү» жөнүндөгү мыйзамга президент Аскар Акаев 17-декабрда кол койду. Кылмыш жаза кодексине мындай өзгөртүү шайлоо маалында мыйзам бузууларга жол бербөө, анын алдын алуу, добуш берүү жоопкерчилигин жогорулатуу жана ага жоопкерчиликтүү субьекттердин санын көбөйтүү максаты менен киргизилген.