Саддам Хусейн кечээ биринчи мерте адвокаттары менен жолукту

Жолугушуу төрт саатка созулду. Адвокаттардын айтымында, Саддам мурдагыдан кыйла тың көрүнөт. Былтыр декабрда Тикритте кармалгандан бери ага адвокаттар менен жолукканга уруксат берилген эмес. Ирак өкмөтүнүн өкүлү ырастагандай, Саддамдын соту 2006-жылга барып башталышы мүмкүн. Ирактын экс-диктаторуна аскери кылмыштарды жасаганы, адамгерчиликке каршы кыянат кылганы үчүн айып коюлган.