Борбор Азияда СПИДдин апааты катуу

БИШКЕК. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын Кызыл жарым ай жана кызыл чырым улуттук коомдорунун эл аралык федерациясынын иликтөөсү боюнча Борбор Азиядагы эң кооптуу оору СПИД менен кургак учук. Андан кийинки орунда өнөгөсүз өпкө оорусу, сарык, ичкелте, сасык тумоо жана котур турат. Иликтөө маалындагы сурамжылоого алынгандардын 89 проценти кургак учук менен ооруган оорулууну коомдон алыстатуу керектигин билдиришсе, суралгандардын көбү СПИД-ВИЧ тууралуу жакшы билбестигин жана бул оору баңги затын куюнгандар арасында гана таралат деген ойлорун билдиришкен. Суралгандардын көбү кургак учукту айыкпас дарт деп санашаарын да айтышкан.