17-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бишкектеги гидрометеорология борборунун шашылыш билдирүүсү боюнча Ош, Жалалабад облустарынын тоолуу аймактарында жана Бишкек-Ош автожолунун 121-138 жана 198-257 чакырым аралыктарында көчкү жүрүшү күтүлөт.

17-декабрда Кыргызстанда ала булут каптап турат, мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн –3 градус сууктан +2 градуска жылыйт, күндүз +1...+6 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн –2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу, күндүз +3...+8 градус жылуу болушу күтүлөт.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –3 градус сууктан +2 градуска жылуу, күндүз +1...+6 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫНда түнкүсүн –3...-8 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу болот.
БИШКЕК шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт, абанын температурасы түнкүсүн –1 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу, күндүз +4...+6 градуска жылыйт.


Кабарлар топтомун даярдагандар Айданбек Ташкенбаев, Бүбүкан Досалиева жана областтык кабарчылар

Редактору Султан РАЕВ.