БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 21-сессиясынын экинчи баскычын баштады. Палата түшкө чейин карала турган маселелердин күн тартибин бекитти. Натыйжада, бул жолу 50дөн ашык маселе каралмай болду. Алардын арасында 2005-жылдын мамлекеттик бюджети жөнүндөгү мыйзамды экинчи окууда кабыл алуу, Ички иштер министринин маалыматын угуу, дыйкандарды күйүүчү май жана башка каражаттар менен камсыз кылуу, энергетика тармагындагы кырдаалга байланышкан маселелер бар.