Кыргызстан Элдик кыймылы жаңы негизделген «Ата журт» кыймылы баштаган саясий күчтөр менен тыгыз кызматташууга кызыкдар.Азыр бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул жөнүндө Кыргызстан Элдик кыймылынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев маалымат жыйынында билдирген. Бул аракет оппозициянын чыңдалышы катары бааланса, кээ бир байкоочулар айтымында аталган кыймылдарга баш кошкон оппозиция мезгили келгенде бийлик менен ымалашып кетери айтылат.
Кыргызстан Элдик кыймылы уюштуруу курултайын ноябрь айында өткөрүп, анын тутумуна оппозициялык маанайдагы 9 партия кирген. Курманбек Бакиевдин маалымат жыйынында билдиргенине караганда, азыр кыймылдын 93миң 500дөн ашык мүчөсү бар. Башкы максаты: парламенттен көп орун алуу жана президенттик шайлоого бир талапкерди сүрөө. Парламенттик шайлоого кыймыл азыр 43 талапкерди даярдады. Өзүнүн бул аракетин укуктук мамлекет, жарандык коом жана күчтүү экономика түзүү максаты менен байланыштырып келатат.
Бул мааниден алганда жаңы түзүлгөн «Атжурт» кыймылынын кызыкчылыктарына үндөшүп турат. Ошондуктан, Курманбек Бакиев эки кыймыл ымалага келишсе, парламенттик шайлоодо жеңишке жетеринен үмүттөнөт:
- Алар менен сүйлөшүп атабыз. Биздин кыймылдан чыккан талапкерлер, алардын кыймылынан чыккан талапкерлер кеңешип туруп, талашып-тартышпай, (округ көп, 75 округду жабыш кыйын, биз көппүз дегенибиз менен биз да жаба албай атабыз) кеңешип туруп, силер бияктан, биз бияктан алалы деп, бардык кыймылдар консенсуска келип, 50 округду жапсак, ошонун 30у келсе жаман болбойт.
«Ата журт» кыймылы болсо конструктивдүү башка күчтөр менен катар Кыргызстан элдик кыймылы менен кызматташуу ою барын алгачкы эле маалымат жыйынында эле айтып чыкты.
- Коомдогу конструктивдүү бардык күчтөр менен бирге болобуз. Эң күчтүүлөрүн чыгарабыз. Абдан мажирөө талапкерлерди алып чыксак, бул Кыргызстан үчүн зыян. Ошондуктан, эң эле күчтүү жигиттерди, кыздарды чыгарабыз, - деди бир күн мурда өткөргөн маалымат жыйынында «Ата журт» кыймылынын жетекчилеринин бири Роза Отунбаева.
Айрым байкоочулар аталган кыймылдардын башкы лидерлери буга чейин мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеп келгендигин жалпы окшоштук катары белгилешүүдө. Маселен, саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, мурдагы мамлекеттик кызматкерлерге мамлекеттин кызыкчылыгына караганда, өз бийлигин кайтарып алуу же сактап калуу аракеттери артыкчылык кылат:
- Бийлик менен оппозициянын ортосунда кардиналдуу көз караштар болушу керек. Бирок, булардын программасы жалгыз гана биз , мисалга, оппозициябыз деген гана сөз болуп атат да. Ошондуктан, даамы да жок, келечеги да жок, өзгөрүлүштү да көрсөткөн жок.
Талдоочунун пикиринде, азыр өзүн оппозиция катары санаган күчтөр саясий кырдаалга жараша президент менен кызматташып кетиши толук ыктымал.
Анткен менен, экс-премьер министр Курманбек Бакиев маалымат жыйынында ал эч кандай сүйлөшүүлөргө барбай тургандыгын жана оппозициялык маанайдагы саясий партиялардын башын кошкон кыймыл көздөгөн багытынан кайтпастыгын белгиледи:
- Башка кыймылдар боюнча айта албайм. Бирок, биздин кыймыл кандай саясий абал болбосун, күчөйт, кеңейет, бирок, тарабайт деп ойлойм, ишенем.
Курманбек Бакиев ошондой эле кыймылдын катарына кирген партиялар биригип кетерин да жокко чыгарбайт. Президент Аскар Акаев болсо парламенттик шайлоону жарыялап жатып, оппозицияны ыплас технологияны пайдаланып жаткан тарап катары сындады. Мындай пикирди маалымат жыйынында Курманбек Бакиев бийликтин күчү мококп барткан факты катары баалады. Ал эми Токтогул Какчекеев бул өңдүү пикир карама-каршылыктарын саясий оюн деп эсептейт. «Бул саясий спектакль» дейт ал.