Тажик президенти парламенттик шайлоонун качан өтөөрүн аныктады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов бүгүн парламенттик шайлоого жол ачкан жарлыкка кол койду. Ага ылайык Тажикистан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттарын шайлоо 2005-жылдын 27-февралында өтөт. Ал эми жогорку палатанын курамын тандоо 24-мартка белгиленди.