Баткенде шайлоо округдары өзгөрдү

БИШКЕК. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны болуп, анда алты маселе каралды. Алардын ичинде кызуу талаш-тартышты шайлоо округдарын түзүүдө «Шайлоо кодексинин» №19 беренесинин талаптарынын аткарылбашы жөнүндөгү маселе жаратты. Ошого байланыштуу талкуунун жыйынтыгында «Шайлоо округдарынын схемасын өзгөртүү жөнүндө» токтом кабыл алынды. Ага ылайык Баткен облусундагы № 15 Айдаркен, № 16 Кадамжай жана №17 Кызылкыя шайлоо округунда өзгөрүү болору айкын болду. Учурда Борборшайлоокомдун мүчөлөрү бул округдардагы өзгөрүүлөрдү тактоодо. Андан сырткары Талас облусунан сырткары облустардагы шайлоо округдарында өтө көп эмес өзгөрүүлөр болору маалым болду. Борборшайлооком ошондой маалымат каражаттары аркылуу үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону да бекитти.