ЭКС-МИНИСТР РОЗА ОТУНБАЕВА: "ӨЛКӨДӨ ДЕМОКРАТИЯ 1997-ЖЫЛДАН ТАРТЫП ЭЛЕ ТЕБЕЛЕНЕ БАШТАГАН"

Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргызстанда «Атажурт» аттуу саясий кыймыл түзүлдү. Анын башкы максаты - парламенттик, президенттик шайлоолорду адилет өткөрүп, парламентте көпчүлүк добушка ээ болуу. Бул тууралуу кыймылдын жетекчилери 13-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Ал эми кыймылдын теңтөрайымы, Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси, мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева кыймылдын катарына өтүшүнүн себебин «Кыргызстанда демократия 1997-жылдан тартып эле тебелене баштагандыгы жана учурдагы аткаруу бийлигине элдин ишеними кеткендиги менен байланыштуу” деп түшүндүрдү.
Алгач кыймыл тууралуу билдирүүнү анын теңтөрагалары болуп шайланышкан Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дооронбек Садырбаев менен Кыргызстандын Улуу Битаниядагы мурдагы элчиси Роза Отунбаев жасады. Кыймылдын башкы максаты - келээрки парламенттик, президенттик шайлоолордо “жибек революциясын” болтурбоо. Парламенттик, президенттик шайлоолорду адилеттүү, мыйзам чегинде өткөрүүгө өбөлгө түзүп, бийликтин алмашуусуна жетишүү жана шайлоолордо жеңишке жетишүү үчүн өлкөдөгү бардык прогрессивдүү күчтөр менен эриш аркак аракет кылуу.

-Кыймылдын башкы максаты - алдыда болуучу парламенттик шайлоону таза, адилеттүү өткөрүү. Ал үчүн бул багытта иш жүргүзүп жаткан кыймыл, саясий партия, бейөкмөт уюмдар менен биргелешип, парламенттик шайлоого өз тагдырынан өлкө тагдырын өйдө койгон, эч кимге көз каранды эмес атуулдардын шайланышына материалдык, моралдык өбөлгө түзүү.

Дооронбек Садырбаевдин жогорудагыдай сөзүнө кыймылдын теңтөрайымы Роза Отунбаева буларды кошумчалады:

-Кыймылдын башкы максаты - болочок парламентте көпчүлүк добушка ээ болуу үчүн күрөшүү. Тагыраак айтканда жок эле дегенде болочок парламенттен үчтөн эки депутаттык орунга ээ болуу. Бул биздин бирикменин эң башкы максаты.

Роза Отунбаева мындай максатка жетиш үчүн мурдагы өкмөт башчы жетектеген «Кыргызстан элдик кыймылы” жана башка партия, уюмдар менен бирге аракет кылат деп билдирди:

- Максатка жетүү үчүн “Кыргызстан элдик кыймылы” менен биргелешип штаб түзөбүз. Болочок парламентке талапкерлерди биргелешип чыгарабыз. Ошол талапкерлер үчүн чогуу иштейбиз. Биз бул максатка жетүү үчүн бардык күчүбүздү, моралдык, каржылык колдообузду кошобуз.

Маалымат жыйынында 22-декабрда “Атажурттун” уюштуруу курултайы өткөрүлүп, уставы жана өлкөнү оор абалдан алып чыгуу тууралуу программасы кабыл алына тургандыгы маалымдалды.

Роза Отунбаева журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, аткаруу бийлигинен качан, эмне себептен кеткендиги тууралуу мындайча пикирин билдирди:

-Бул өкмөттөн 1997-жылы эле өз каалоом менен кеткем. Мен Аскар Акаевге “ыракмат, бул өкмөттө иштей албайм” деп ачык айтып эле кеткем. Анткени менин оюмча Кыргызстанда демократия ошол мезгилде эле тебелене баштаган.

Роза Отунбаева эмне себептен мындай кыймылга кошулганын да түшүндүрө кетти:

-Бул балдардын арасына кошулганымдын себеби - булар чыныгы патриот атуулдар. Булардын эч кимиси эч жерден эч нерсе алган жок. Менин оюмча азыркы өкмөттүн моралдык принциптери абдан төмөн, абдан пас. Аны эл көрүп эле жатат. Мен оюмча биз Кыргызстандын жаңы бийлигине жаңы күч, демилге, жаңы моралдык кадыр-барк алып келебиз.

Ошондой эле маалымат жыйынында аталган кыймылга өлкөдөгү элге таанымал кырктан ашуун саясатчы, коомдук ишмерлер киргендиги маалымдалды. Ал эми бул күнкү маалымат жыйынга Адахан Мадумаров, Болот Шерниязов, Өмүрбек Текебаев, Муратбек Мукашов, Дүйшөн Чотонов жана башкалар катышты.

Кошумчалай кетүүчү нерсе - болочок шайлоолорго байланыштуу өлкөдө ар түрдүү саясий блок, кыймылдардын түзүлүшү Кыргызстандын аткаруу бийлик өкүлдөрүн да кайдыгер калтырбайт:

- Блок түзөбү, түзбөйбү алардын өздөрүнүн иши. Ал эми алардын ар кандай сөздөрдү айтып жатканы булардын бузукулук иши. Булар эптеп эле бөйрөктөн шыйрак чыгарып, эптеп эле элдин көңүлүн буруп, тескери бузууга аракет кылышууда. Андан эч нерсе чыкпайт,-деген эле президенттик администрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков «Азаттык» радиосунун кабарчысына берген мурдагы интервьюларынын биринде.